7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иракта суу тартыштыгы күчөдү

552

Ирактын Айыл чарба министрлигинин кеңешчиси Махди Дамад өлкөдө суу тартыштыгы курчуп жатканын билдирди. Бул тууралуу Рамблер агенттиги жазды.

Махди Дамаддын айтымында, кургакчылык жана коңшу мамлекеттерден суунун келиши азайганы абалды оорлотууда. Ал Иран жана Түркия менен сүйлөшүү үчүн атайын топ түзүү керектигин, ошондой эле ичүүчү сууну аймактарга жеткирүү кыйын болуп, жер астындагы суу запастары түгөнүп баратканы чоң коркунуч жаратарын белгиледи. Буга чейин 2019-жылы суунун көлөмү 65 миллиард куб метрге жетсе, азыр кыйла азайганын кошумчалады.

553