Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптулук жараткан таштар атайылап кулатылат. Бул туурасында “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.
«Жумуш 27-сентябрдан 1-октябрга чейин темир жол өтүүчү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында жүргүзүлөт. Таштарды кулатуу иштери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин өткөрүлөт. Бул учурда транспорт каттамдары бир тилке боюнча каттай алат», — дейт тийиштүү мекемеден.
Мындай аракеттер автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптулугун алдын алуу максатында жасалууда.