7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири өлчөмдөгү «гашиш» баңгизаты менен милиция кызматкери кармалды

567

Бишкек шаарынын Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна терс таасирин тийгизген жана ар-намысына шек келтирген милиция кызматкерлерин аныктоо максатында атайын иш-чара жүргүзүлдү.

Ички иликтөө кызматы менен ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалган  А уулу Т, К. Б., Ж.Ы, Б уулу С. тинтүү  жүргүзүүдө алардан өзгөчө ири өлчөмдөгү «гашиш» баңги каражаттары алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын биринин жанында Бишкек ШИИББинин Милициянын кайгуул күзөтү полкунун милиционери кызматында экендигин тастыктаган  милициянын сержанты наамындагы  күбөлүгү  алынган.

Кармалгандар соттун санкциясына ылайык  Юстиция министрлигине караштуу  ЖАКтын 21- мекемесине киргизилген.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

568