7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири суммадагы акча каражатын алып качып жүргөн чет элдик жаран кармалды

935

Өз өлкөсүндө алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен ири суммадагы акча каражатын ээлеп алган Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга келген Кытайдын жараны 1971-жылы туулган Чж.Ч. аныкталган. Ал 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана расмий органдарга өзүнүн келгендигин мыйзамдаштыруу үчүн кайрылган эмес.

Жогорудагы Кытайдын жараны Чж.Ч. Пекин шаарындагы компаниялардын биринин башкаруучусу кезинде 2013-жылдын март айында алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 000 000 юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Бул факты боюнча чет өлкөлүк жаранга карата Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

«Жүргүзүшкөн иштердин жүрүшүндө ушул жылдын 19-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан Кытайдын жараны 1971-жылы туулган Чж.Ч. кармалган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата №1-тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө. Башкы прокуратурасы аны өз өлкөсүнө эсктрадициялоо тууралуу маселени карап жатат»,-деп берилет билдирүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

936