Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу сел сууларынан тазалоо үчүн жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тазалоо иштерин жургүзүү максатында № ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда каттам эки тараптуу жабык.
Кошумча маалымат берилет.