7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ирина Кайратовна” тобунун мобилографы сахнада каза болду

1342

Популярдуу “Ирина Кайратовна” тобунун мобилографы концерт учурунда сахнадан жыгылып көз жумду.

Orda Telegram каналынын маалыматына караганда, каргашалуу окуя кечээ, 14-октябрда Астанада концерт башталар алдында болгон. Окуяга байланыштуу концерт токтотулду.

“Бул тууралуу айтуу биз үчүн абдан кыйын. Биздин мобилограф сахнадан жыгылып каза болду. Тилекке каршы, бүгүн сиздер үчүн концерт коё албайбыз. Бизди колдоп келгениңиздер үчүн чоң рахмат. Бул концерт башка күнгө жылат. Эгер күтпөйбүз десеңиздер каалоочулардын билет алган акчасын кайтарып беребиз. Азыр бизге кыйын болуп жатат»,-деди “Ирина Кайратовна” тобунун мүчөсү Азамат Маркленов.

Белгилей кетсек, көз жумган жаран Жылкайдар Шахназ Болат уулу. Ал болгону 21 жашта болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1343