7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерлерди негизсиз текшерүү иши токтотулуп, коргоо чаралары күчөйт

166

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мирлан Ашырбаевдин жумушчу жолугушуусу өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлдөрү ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгү, ошондой эле бизнес процесстерине көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүнүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Тараптар ишкерлер менен инвесторлордун алдында турган актуалдуу маселелерди талкуулап, укуктук кепилдиктерди бекемдөөгө жана өлкөдөгү бизнес климатты жакшыртууга багытталган кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердикти колдоого жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы кызматташуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну макулдашты.

167