7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерлерди тоноп жүргөн Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

793

Жалал-Абадда «Женго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

15-декабрда “Алдамчылык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Женго” каймана аты бар криминалдык авторитет Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Ал Жалал-Абад шаарындагы жеке ишкерлерди физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп-үркүтүп, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алуу менен алектенген.

«Кармалган жаран 2017-жылы “Каракчылык”, “Зордуктоо” жана “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок, 2022-жылы Ж.Т. сот органдары тарабынан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Бул чечимдин мыйзамдуулугу УКМК тарабынан иликтенип жатат, анын жыйынтыгында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонгон судьялардын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет»,- деп берилет маалыматта.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү УКМКнын Жалал-Абад облусундагы терөө абагына киргизилген.

794