7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр демилгеленди

333

Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун демилгеледи.

Аталган Мыйзамдын долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Алсак, Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 338 (1) -берене менен толукталып жатат.

Мындан сырткары мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесинде көрсөтүлгөн айып пулдун өлчөмүн 100 эсептик көрсөткүчтөн 150 эсептик көрсөткүчкө көбөйтүү сунушталууда.

Ошону менен бирге ишкерлерди камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын негизсиз колдонуудан коргоо максатында Мыйзам долбоору менен ишкерлерге карата Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын (электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы) колдонуу сунушталат.

334