7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишти оң тарапка чечип берүү үчүн пара алган башчылар кармалды

376

УКМК: Атайын кызматтын жетекчилигинин артына жашынып, өзгөчө ири өлчөмдө каражат алган алдамчылар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын министрликтердин, ведомстволорунун мурдагы жогорку кызмат адамдары, жана ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалды.

Бардык кылмыш иштери боюнча учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Көптөгөн иштер белгиленген тартипте кароо үчүн сотторго жиберилген. Ошол эле учурда, кылмыш ишин тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын жетекчилеринин бирин кармоо боюнча, КР УКМК маалымат келип түшкөн, Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилигинин атынан өзүлөрүн коргогон адамдар, шектелип жаткан адамдын туугандарынан тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыш ишин оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алышкан.

Аталган факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

2021-жылдын 9-мартында жогорудагы кылмышка шектүүлөр кармалган жана 1972-ж.т. Кожоев Абдыразак жана 1978-ж.т. Мамаджанов Кумар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле, КР УКМК бардык тергөө иштери боюнча сот процессуалдык чечимдери кабыл алынаарын жана конкреттүү иштин тергелишинин жүрүшүнө таасир этүү аракеттери мыйзамдын толук көлөмүндө басылаарын эскертет.

377