7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишти жабуу үчүн 1000 доллар акча алып жаткан милиционерлер кармалды

2101

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,  1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБдин кызматкерлери аныкталып, кармалышты.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги «А.А.К.», тергөөчү милициянын капитаны «И.А.А.» жана райондук ыйгарым укуктуу улук лейтенанты «А.А.М.» макулдашышып сотко чейинки өндүрүштү оң тарапка чечип беребиз деп акча талап кылышкан.

Азыркы учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык камакка алынып, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2102