Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев ЖК депутаты мандатынан кол жууду.
Экөө тең БШКга өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын тапшырууга арыз жазганы белгилүү болду.
Искендер Матраимов — издөө жарыяланган бажычы Райым Матраимовдун бир тууган агасы. №9 Кара-Суу шайлоо округунан депутат болуп келген.
Нурлан Ражабалиев — мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. “Райым миллиондун” коррупция боюнча ишинде ал да айыпталып, мамлекетке 12 млн сом төккөн. Бир мандаттуу №2 Баткен округунан шайланган.