7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү кармалды

512

“Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад облусунун аймагында “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү болгон кыргызстандык 3 жаран кармалды.

Кармалган эки жаран башка мамлекеттин аймагынан “Ислам мамлекети – Хорасан вилаяты” эл аралык террористтик уюмунун катарында террордук аракеттер болгон аймактарга чыгуу фактысы аныкталган.

Шектүүлөрдүн бири Х.П. калган эки жарандын которулушун түздөн-түз координациялаган, аларга акча жана чет мамлекеттин жасалма паспорттору менен бир нече өлкөнүн аймактары аркылуу тоскоолдуксуз жүрүү үчүн камсыздаган.

Белгилей кетсек, аталган жаран мурда террористтик ишмердүүлүгү үчүн аймагында соттолгон. Жазасын өтөп бүткөндөн кийин ал террористтик ишмердүүлүк болгон аймактарга жалданма адамдарды жөнөтүү боюнча мыйзамсыз ишин уланткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына жайгаштырылды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

513