Бишкек шаарындагы Жантөшев көчөсү 117 дарегинде жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» ооруканасынын имараты бошотулду. Бул тууралуу 7-каналга мэриядан билдиришти.
Жеринде Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери иштеп жатат.
Белгилей кетсек, бир күн мурун муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 имаратын ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган.