7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Исраилов: «Жол кырсыктарынын көбөйүүсү, автоунаалардын саны өскөнүндө»

725

Өлкөдө жыл башынан бери 5437 жол кырсыгы катталып, былтыркыдан 29,2% көп. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

«Көпчүлүк жолдордун параметри кыймылдын көптүгүнө жана тездигине туура келбейт. Көп учурда мунун арты адам фактору менен коштолгон кайгылуу окуя менен аяктайт», — деди Азамат Исраилов.

Ошондой эле ал жол кырсыктарынын көбөйүүсүн өлкөдө автоунаалардын саны өскөнү жана жолдордун ага ылайык келбегени себеп экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, жол кырсыгынан набыт болгондордун саны былтыркыдан 15% көп. Былтыркы тогуз айда бул себептен 509 адам көз жумса, быйыл 587ге жетти. Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726