7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Италияда дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө курулат

235
Италиянын Мессина кысыгында дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө курулат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, көпүрө Жер Ортолук деңизинин сейсмикалык кооптуу аймактарынын биринде курулуп, күчтүү жер титирөөлөргө туруштук бере алат.
Учурда кысыктан паром менен гана өтүүгө болот, ал 30 мүнөттөй убакытты алат.
Мессина кысыгынан өтүүчү көпүрөнүн узундугу 3,3 чакырымды түзөт жана авто, темир жол кыймылын да өткөрөт. Долбоордун наркы 13,5 миллиард еврону түзөт.
Курулушту 7-8 жылда бүтүрүү пландалууда. Долбоор 120 миң жумуш орундарын түзүү аркылуу Италиянын эң жакыр аймактары болгон Сицилия жана Калабрия үчүн экономикалык өсүштү камсыз кылат.
236