7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

IV Элдик курултай өз ишин баштады. Кимдер катышат?

116

Бүгүн борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин баштады.

Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.

Алдыда иш-чаранын жүрүшүндө өткөн жылы делегаттар тарабынан айтылган маселелердин аткарылышы тууралуу отчеттук маалыматтар угулат.

Делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлердин бийликке жеткирет. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшөт.

Белгилей кетсек, 2023-жылы кабыл алынган “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, курултайга жер-жерлерден шайланып келген 700 делегат катышат.

Бул жолу да курултайга 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегат келди.

Эске салсак, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда, үчүнчүсү 2024-жылы декабрь айында өткөн.

Курултай эки күнгө созулуп, эртең да уланат.

117