7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген жаран Бишкекте кармалды

345

Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган жаран сырткы видеокамералардын жардамы менен Бишкектен кармалды. Бул туруалуу ИИМден билдиришти.

Видеобайкоо камералары аны пирамида схемасын түзүү жана жетектөө үчүн издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган.

Буга чейин Алматы шаарынын Медеу райондук полиция башкармалыгы тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси («Каржы пирамидасын түзүү жана жетекчилик кылуу») боюнча издөө жарыяланган өздөрүнүн жараны О.А. Бишкек шаарындагы камераларга 2023-жылдын декабрь айынын аягында түшүп калган. Ага карата бөгөт коюу чарасы камакка алуу болгон.

Казакстанда 2021-жылдын апрелинде жабыркаган салымчылар үч компаниянын иши боюнча жамааттык арыз менен полицияга кайрылып, аларды каржы пирамидасы деп аташкан. Бул компаниялар өздөрүн эң кирешелүү инвестициялык ийгиликтүү уюмдар катары көрсөтүшкөн. Жогорудагы фактыларга тиешеси бар деп кармалган Алматы шаарынын тургуну каржы пирамидасын түзүүгө жана жетектөөгө шектелүүдө. Кирешелүү инвестицияларды туураган бул “долбоордун” лидерлерин кармай баштаганда ал изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.

Бул компаниялар салымчылардан бир нече миллиарддаган теңгесин мыйзамсыз чогулткан. Келип түшкөн акча каражаттарынын агымын көбөйтүү максатында каржы пирамидалардын ишмердүүлүгүнө белгилүү блогерлер тартылган. Сот эки вайнерди пирамида схемасы боюнча иштегендиги үчүн беш жылга эркинен ажыраткан.

346