7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Издөөдө жүргөн жарандын сөөгү табылып, шектүү кармалды

144

Чүйдө эки жыл мурунку киши өлтүрүү боюнча кылмыштын бети ачылып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-ноябрында саат 19:00дөр чамасында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанында 1962-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран 1986-жылы туулган А.М. аттуу аял кишини өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн.

Андан соң, бул кылмыштын изин жашыруу максатында сөөктү полиэтилен пакети менен ороп, курулуш объектисиндеги коммуналдык контейнерге жашырган. Кийин ал сөөктү унаасы менен алып чыгып, Чоң Чүй каналына ыргытып салган.

Ал эми бул учурда маркум дайынсыз жоголгон деп издөөдө жүргөн.

Бул факты боюнча Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан КР КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү 1962-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

145