Бишкек мэриясы ижарачыларга дебитордук карыздарын 2021-жылдын 1-июлга чейин төлөөнү эскертет. Бул тууралуу Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы дебитордук карызды чогултууну жана төлөбөгөндөрдөн ижарага алынган жер тилкелерин кайра алуу боюнча иш алып барууда. Жыл башынан ушул күнгө чейинки мезгил аралыгында 6 жер тилкесин ижара келишими бузулуп, 6.0205 гектардан ашык жер муниципалитетке кайтарылды. 38 сот иши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын пайдасына 437,08 млн сом суммасындагы доо арыздар сот тарабынан толук канааттандырылган.
«Ижара төлөмдөрү боюнча карыздар төлөнбөй калган учурда, жер ресурстар башкармалыгы сот аркылуу карыздарды өндүрүү боюнча чараларды көрөт, анын ичинен: сот чыгымдарын төлөп берүү, мүлктү камакка алуу, жер участокторун пайдалануу укугун токтотуу, карыздын ордун толтурууну камсыз кылган башка чараларды көрүү, мажбурлоо чаралары», — деп берилет маалыматта.
Суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгына Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот, телефон: 0312 45-42-41, 0312 45-42-73.