7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Измирде кулаган тик учакта Кыргызстандын үч жараны болгону тастыкталды

645

Буга чейин Түркиянын Мендерес районундагы токойдо өрт чыгып, аны өчүрүп жаткан тик учак кулаганы маалымдалган. Окуянын чоо-жайы тууралуу 7-каналга Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирди.

«16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны. Учурда бир Кыргызстандын жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда»,- деп берилет маалыматта.

Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге, кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына керектүү жардамдарды көрсөтүү максатында жолго чыгышты.

КРнын Түркиядагы Элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жана бул маселе алардын өзгөчө көзөмөлүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646