Түркияда тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын экинчи жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Каза болгондордун сөөктөрүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси боюнча Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу иш алып барууда.
Буга чейин бир кыргыз жараны ооруканага түшкөндүгү, ал эми экинчи жарандын сөөгү табылгандыгы маалымдалган.
Белгилей кетсек, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.