7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Измирдин көчө тамактары тууралуу кызыктар

499

ИЗМИРДИН КӨЧӨ ТАМАКТАРЫ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Түрк калкы тарабынан «Эгейдин бермети» катары тилге алынган Измир Түркиянын көзгө көрүнүктүү туристтик дестинацияларынын бири болуп саналат. Ошондой эле бул аймак гастро-туристтер үчүн да абдан ыңгайлуу жер. Жергиликтүү жашылча-жемиш, азык-түлүктөрдөн жасалган тамак-аштар, зайтун майына кошулган жеңил салаттар, сыр, ар түрдүү шараптар жана Эгей деңиз азыктарынан даярдалган даамдар Измир ашканасын байытып турат. Муну мене катар Измир басып жүрүп эле жеп кететурган көчө деликатастары менен да дүйнөгө белгилүү.

ИЗМИРДИН КЛАССИКАЛЫК “КУМРУСУ”
Кунжут нанынан жасалган бутерброддун Измир версиясы «кумру» (көгүчкөн) деп аталат. Анткени бул көчө тамагынын формасы канаттууга окшош. Нокот ачыткысынан жасалган нандын арасына Измирдин тулум сыры, жашыл калемпир жана помидор салынат. Сендвичтин мындай муздак түрү Измирде 150 жылдан бери бооз жана геврек менен бирге берилип келген. Ал эми кумрунун ысык түрү 1950-жылдары пайда болуп, колбаса жана салями кошуп жасалган. Даамдуу муну менен катар тойумдуу ысык Чешме Кумрусу музадк кумрудан бир топ айырмаланып турат.


БЕШ ЖҮЗ ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ БАР “БОЙОЗ”
Измирдин дагы бир даамдуу, классикалык көчө тамага — бул «бойоз». «Бойоз» испан гастрономиясына таандык болуп, «боллос» (майда нан же боо) дегенди түшүндүрөт. Бул кондитердик азыкты Измирге 1492-жылы Испаниядан көчүп келген сефард еврейлери алып келген. Беш жүз жылдан ашык тарыхы бар «бойоз» ун, май, суу жана туз кошулган камырдан жасалат. Камыр катуу ийленип, тоголок формага келтирилип, ичи сыр же шпинат менен толтурулат. Бул Измирде классикалык эртең мененки тамак болуп эсептелет. Көбүнчө кайнатылган жумуртка менен жешет.


ИЗМИРДИН КЫТЫРАК СИМИТИ
Түркиянын көчө тамагы дегенде эң алгач симит (багел) эске түшөт. Күнжүт себилген, шакек сымал формадагы бул нанды Түркиянын бүт жеринен таба аласыз. Тоголок кесилген камыр жүзүм ширеси же болбосо сууга бир малып алынат да анан отко кактап бышырылат. Симит негизи таң эрте бир чай же каймак менен жеп кететурган жеңил тамак. Ал эми чак түш же кечкисин болсо симитти көбүнчө айран, сергитүүчү йогурт ичимдиги менен жейт. Симит Измирде бюджеттик жана вегетариандык көчө даамы «геврек» (кытырак) катары да берилет.
Кытырак симит менен кадимки симит тышкы көрүнүшүнөн бири-бирине окшош болгону менен даярдоо, бышыруу ыкмасы башкачараак болот. Симит камыр кезинде муздак шире же сууга малынып алынса, «геврек» шире кайнап жаткан казанда бышырылып андан кийин кунжут себилип, мешке коюлат. Мешке какталып бышкан геврек, бир аз муздаган соң кытырак формага келип калат.
ИЗМИР МИДИЕСИ
Мидие кабыктарынын ичине мидие, күрүч, карагат, туз жана түрдүү татымалдар салынып, үстүнө лимон суусу себилген бул экзотикалуу тамакты Түркиянын деңиз жээгиндеги бардык шаарлары, анын ичинен Измирден да таба аласыз.
КОЗУ ИЧЕГИНЕН ЖАСАЛГАН КОКОРЕЧ
Түркиянын эң популярдуу көчө тамактарынын дагы бири бул — кокореч . Кокореч кой же козунун ичегиси түрдүү деликатес, татуулар менен толутурулат. Татымал, шишкебек жана отко какталып бышырылган даамдуу тамак майда тууралып, андан кийин нандын жарымынан же төрттөн бир бөлүгүнө салынат да кардарга берилет. Измир стилиндеги кокореч болсо бир аз башкачараак даярдалат. Измирликтер кокоречтин даамын толук сезүү үчүн помидор менен жыпар жыттуу заттарды калтырып коёт. Мындан тышкары, шишкебек така сыяктуу формада кесилип, андан кийин чоң-чоң кылып тууралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500