7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Израиль Палестинага дагы 45 маркумдун сөөгүн өткөрүп берди

203

Израиль Газага ок атышпоо жана туткун алмашуу келишиминин алкагында 45 палестиналыктын сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, Газага 45 палестиналыктын сөөгү Эл аралык Кызыл Крест комитетинин топтору аркылуу келди.

14-октябрда Израилден 45 кишинин сөөгү келген. Муну менен Израилден кайтарылган сөөктөрдүн жалпы саны 90го жетти.

Эми палестиналыктардын сөөктөрүн аныктоо үчүн керектүү медициналык анализдер өткөрүлөрү белгилүү болду.

Эске салсак, 9-октябрда Египетте өткөн сүйлөшүүлөрдө Газа тилкеси боюнча ок атышпоо келишимине кол коюлган. Документ 10-октябрда күчүнө кирген.

204