7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми 6 нотариалдык кызмат онлайн иштеп баштайт

343

Алты нотариалдык кызмат аралыктан жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы Асел Абакирова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаралардын негизги максаты – жарандарды нотариалдык кызматтар менен камсыз кылуу.

«Нотариалдык кызмат алуу үчүн чет өлкөдө жүргөн жарандар элчиликке же консулдукка барышчу. Бул жол киреге, мейманканага акча коротуп, узак кезекте турууга алып келчү. Анан документтерди почта аркылуу Кыргызстанга жөнөтүшчү. 2025-жылдын 1-октябрынан тартып алты нотариалдык кызматты аралыктан, онлайн түрүндө алууга болот. Мунун негизги шарты – булуттук санарип кол тамгага ээ болуу», – деди ал.

344