7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Израилдеги үч кыргызстандык чыгарып кетүүнү өтүнүп ТИМге кайрылды

706

10-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.00гө карата (Бишкек убактысы боюнча 20.00) КРнын Израиль Мамлекетиндеги Элчилиги (резиденциясы Түркия Республикасынын Анкара шаарында жайгашкан) Израил Мамлекетинин аймагында кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандык жарандардын жок экендиги жөнүндө маалымдайт.

Элчилик Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарынын тизмесин түзүүдө (учурда тизмеде 65 жаран). Кыргызстандын бардык жарандарына алардын абалын жана Израил Мамлекетинин аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жана каалоосу бар же жок экенин аныктоо үчүн телефон чалуу жүргүзүлүүдө.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын үч жараны Израилден чыгып кетүү ниетин билдирип, учурда аларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат. Мурда белгиленгендей, элчиликтин жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргызстандын Израилдеги Элчиси Казакбаевдин байланыштары Израилдеги мекендештердин топторунун ортосунда күнү-түнү ыкчам байланышуу максатында социалдык тармактарда жана мессенджерлерде таратылууда.

Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы Элчилиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн Тель-Авивдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарын улантууда.

Кыргызстандын Израилдеги Элчилиги Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштайт.

Зарыл болгон учурда, кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (Элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу).

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар боюнча практикалык тажрыйбага таянып, элчилик чет өлкөлөрдө жүргөн КРнын бардык жарандарына жакынкы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине каттоого турууну сунуштайт, Консулдук каттоо алыстан мүмкүн жана акысыз.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

707