7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Израилден Кыргызстандын 11 жараны эвакуацияланды

284

Кыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында жана келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркия, Казакстан жана Сауд Араб Падышачылыгындагы элчиликтери, ошондой эле Герцлия (Израиль) жана Шымкент (Казакстан) шаарларындагы Ардактуу консулдуктары менен тыгыз байланышта жогорку тобокелдиктеги аймактардан мекендештерди эвакуациялоо боюнча ыкчам чаралардын комплекси ишке ашырылды.

Координацияланган аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 11 жараны Израилден Египетке ийгиликтүү эвакуацияланып, ал жактан Шымкент шаарына (Казакстан) аман-эсен жетип, андан кийин Кыргызстанга жеткирилген.

285