7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аз камсыздуулук боюнча жөлөкпулдарды алууга ким укуктуу?

367

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыздуулук боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алууга кимдер укуктуу экенин маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул жөлөкпул бир балага 1200 сом өлчөмүндө төмөнкү критерийлерге жооп берген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, анын ичинде эмгек мигранттарынын 16 жашка чейинки балдарына дайындалат.

Дайындоодо үй-бүлөнүн жалпы кирешеси эске алынат, ал үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө айына 1000 сомдон ашпоого тийиш. Эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү иштеши керек же эмгекке жарамсыздыгын убактылуу эмгекке жарамсыздыгын далилдеши керек. Эгерде үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу бир же бир нече мүчөсү бош эмес болсо, анда «үй-бүлөгө көмөк» деп кайрылуудан мурда алар жумушсуз катары каттоого турушу керек.

Жөлөкпул иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында белгиленген тартипте иштебеген жана катталбаган жарандарга дайындалбайт.

Мында арыз берүүчүнүн өзүнөн (анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн) жумушсуз статусун кагаз жүзүндө тастыктоо (маалымкат) талап кылынбайт, анткени маалыматтар эмгек рыногунун маалыматтык системасына киргизилет, алар автономдуу режимде социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (СЖКМС) жеткирилет.

Эгерде жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки айдын ичинде келбесе, ал расмий жумушсуздун жана жумуш издегендин эсебинен чыгарылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

368