Экс-депутат Ыргал Кадыралиева өрттөнгөн үйүнүн видеосун социалдык тармактан бөлүшүп, коомчулуктан жардам сурады.
«Келип жардам берем дегендерге муктажмын. Эки балам менен үйдүн ичиндеги күйүктөрдү чыгарууга аракет кылып жатабыз. Келиңиздер. Ахунбаева Баха. 27- линия 271 А резинка өтүк, чака жардам керек. Фонарик керек достор»,- деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Ал үй экс-депутат Ыргал Кадыралиеваныкы экени маалым болду.