7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Йакын-Инкар» уюмунун мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартты

579

“Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, балдарына медициналык жардам жана светтик орто билим алууга макулдук беришти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

26-майда УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү кармалган: 1977-жылы туулган А.Т.М., 1987-жылы туулган Ж.К.Т., жана 1993-жылы туулган И.М.К..

Аталган адамдар мурда Жалал-Абад шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерге барууга тоскоолдук кылышкан.

УКМКнын тергөө абагында кармоо учурунда экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча кармалгандар менен тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өздөрүнүн ишинин туура эместигин түшүнүшүп, “Йакын-Инкар” ДЭУдан эл алдында баш тартышты.

Жашы жете элек балдар поликлиникага каттоого алынып, балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580