7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 7 өлкөнүн спортчулары катышкан эл аралык бокс кечеси өтөт

18

3-июлда Бишкек шаарындагы Жаштык арена спорттук комплексинде профессионалдык бокс боюнча ири эл аралык мелдеш уюштурулат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Таиланд жана Куба мамлекеттеринен келген мушкерлер катышат.

Кеченин өзгөчө коноктору катары дүйнөлүк бокстун легендалары — Эвандер Холифилд жана Александр Поветкин келери күтүлүүдө. Алар турнирге ардактуу конок катары катышып, рингге чыгышпайт.

Ошондой эле ардактуу коноктордун катарында Мухаммадкадыр Абдуллаев жана Канат Ислам болот.

Мелдештин алкагында жалпысынан 8 беттеш жана 2 титулдук кармаш өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин төрагасынын атайын куру үчүн кыргызстандык Ыктыяр Нышанов россиялык Михаил Тарханов менен күч сынашат.

Ал эми Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын куру үчүн Акжол Сулайманбек уулу таиланддык Пайом Кампи менен беттешет.

Мындан тышкары, көрүүчүлөр үчүн дагы алты рейтингдик беттеш уюштурулат. Уюштуруучулар мындай мелдештер кыргызстандык спортчулардын тажрыйбасын арттырып, өлкөнүн эл аралык бокстогу аброюн бекемдөөгө жардам берерин белгилешти.

19