7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Үйдө тамак жок экен» Аялын бычактап өлтүргөн жаран 14 жылга кесилди

2027

Аялынын көкүрөк тушуна бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн шектүүгө 14 жыл эркинен ажыратуу чечими чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал окуядан бир жыл мурун бутунан жаракат алып, майып болуп калгандыгын айткан. Мындан улам, үйдө тез-тез чыр-чатак чыгып турган. Жумуш таппай үйүнө келген кезде жегенге тамак жок болгондуктан аялына ачуусу келген.
«Эч нерсе таппай үйгө келдим, аялым кечки тамакты даярдабай коюптур. Тамак бышырып баштасам, аялым мени кемсинте баштады» — деп көрсөтмө берген.

Ал учурда күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту тарабынан 14 жыл эркинен ажыратылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2028