7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күбөлүк, ЗАГС жана справканын бааларын билип алыңыз. Коррупцияга жол жок!

23360

Санариптик өнүктүрүү министрлиги коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүктөрдүн наркы тууралуу расмий маалымат берди.

Ага ылайык, “Жарандар күбөлүктөрдүн бланктары үчүн гана акча төлөшөт, ал эми каттоо акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле жакында жаңы төрөлгөн баланын туулгандыгын каттоодо күбөлүктү салтанаттуу түрдө тапшыруу боюнча кызмат кайра жандандырылды. Бул азем үчүн акы төлөнбөйт”, — деп айтылат маалыматта.
Баалар:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк – 54 сом;
  • өлгөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом;
  • никелешүү тууралуу күбөлүк – 57 сом;
  • никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк – 20 сом;
  • фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом;
  • күбөлүктү кайталап алуу – 110 сом.

Жарандардын каалоосу боюнча никени салтанаттуу түрдө каттоонун наркы (банктык кызматтарын кошкондо):

  • Бишкек шаарынын «Бакыт» өргөөсүндө – 1797 сом;
  • Ош шаарынын үйлөнүү үлпөт үйүндө – 822 сом;
  • Бишкек жана Ош шаарларында ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынан тышкары – 4038 сом;
  • Райондук ЖААК бөлүмдөрүндө – 358 сом,
  • имаратынан тышкары – 826 сом.

ЖААКтын шашылыш кызматтарынын наркы (банктык кызматтарды кошкондо):

  • шашылыш түрдө жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү – 600 сом;
  • аты-жөнүн өзгөртүүнү тез арада каттоо – 600 сом;
  • жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматты шашылыш ырастоо – 170 сом.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы банктардын кассаларында гана жүргүзүлөрүн эскертти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

23361