7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ичим ачышып отурам» Мээрим менен Айперинин жеке машыктыруучусун ким ызалантты?

4421

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын жеке машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров Токиодогу Олимпиада оюндарына барбай калганына кайгы тартып отурат. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Анын айтымында, делегация курамына ал дагы кирген. Бирок кийинчерээк делегация кыскарды деп ал тизмеден алынган.

«Бизге Олимпиадага барасыңар деп айтышты. Биз формаларыбызды тиктирип, даяр турдук. Бирок, кетээр алдында делегация кыскарды деп бизди тизмеден алып салышты. Биздин ордубузга депутаттар жазылыптыр. Алардын спортко эч кандай тиешеси жок. Мен кыздардын машыктыруучусу катары телевизордон көрүп, ичим ачышып отурам. Бул көйгөйдү Президент гана чече алат деп ойлойм. Дайыма ушундай болуп келген»,-дейт машыктыруучу.

Белгилей кетсек, 40 жыл ичинде машыктыруучу үч Олимпиадалык чемпионду тарбиялаган.

«Спортчуларымдын кайгы, кубанычын тең бөлүшүп, жанында болгум келген. Тилекке каршы болбой калды»,-дейт ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4422