Кыргызстандык Арстанбек Базаркулов 1-2-августта Болу шаарында (Түркия) өткөн пара жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде 2 медаль ( 1 алтын, 1 коло) жеңип алды. Эл аралык турнир Токиодо өтө турчу Паралимпиада оюндарына даярдык катары өткөрүлдү.
Белгилей кетүүчү жагдай, параспортчу жана башкы машыктыруучусу Алмазбек Абиров Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн!