Ысык-Көлдө 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын күбөлөрү, милиция кызматкеринен “Митсубиси Галант” үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен “Lexus LX470” унаасынын айдоочусун элден жашырбоону талап кылышты. Бул тууралуу алардын уюлдук телефондоруна тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
Тасмада, милиция кызматкерин бир топ жарандар тегеректеп алышып, айдоочуну кайтарып берүүнү талап кылып жатышканын көрүүгө болот. Ал эми кызматкер айдоочудан өч алуу үчүн ортолорунда жаңжал чыгып кетпөөсү үчүн аны башка унаага отургузуп койгон.
Күбөлөр ага мындай иш-аракеттер татыксыз экендигин билдиришип, жол тандабас айдоочуну берүүнү талап кылышкан. Ал эми милиция кызматкери аларга айдоочуну берген маалда, анын кийимдери кан экенин көрүүгө болот. Анын кийимдери жол кырсыктан кан болгонбу же кимдир бирөөлөрдүн колу тийгенби азырынча белгисиз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram