7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйөөсүнүн ойношун кармап алган аялга айып пул салынды

1450

Өзбекстанда күйөөсүнүн ойношун тизелетип кемсинткен аялга айып пул салынды. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.

Социалдык тармактарда аялды чөгөлөтүп алып, ар кандай суроолорду берип, кемсинтип жаткан  видеосу тарап кеткен. Ал видеодо бул аял күйөөсүнүн ойношу экенин айтып: “Дагы менин күйөөм менен, андан башка кишилер менен жүрсөң сени эмне кылам?” — деген суроолорду берген.

Милиция видеону изилдеп, окуя Бухара облусунда болгонун аныкташкан.

“Видеодо ал атайылап аялдын ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетирген”- деп облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкен.

Тасма социалдык тармактарда тарагандан кийин кемсинтүүгө туш болгон аял милицияга арыз менен кайрылган. Райондук соттун чечими менен Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамды бузган деп табылып, аялга 1,2 миллион сум өлчөмүндө айып пул салынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1451