7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү боюнча жогорку жана биринчи лиганын оюндары башталды

414

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” Республикалык мелдешинин алкагында Жогорку, Биринчи жана Ардагерлер лигасынын оюндары старт алды.

Салтанаттуу ачылыш аземге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери, көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Эскерте кетсек, мелдештер төрт лигага бөлүнүп өтүүдө. Алар:

— Жогорку лига (6 команда);

— Биринчи лига (12 команда);

— Экинчи лига (16 команда);

— Ардагерлер лигасы (6 команда).

Турнирдин алгачкы күнү, 12-мартта, экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүштү. 15-марттан тарта Жогорку, Биринчи жана Ардагерлер лигасынын оюндары башталды. Ал эми финалдык оюндар 21-март күнү Бишкектин чет жагында салынып жаткан жаңы ипподромдо өтөт.

 

415