Токтогулда Көк бөрү оюнунун командасынын капитаны кармалды. Анын үйүнөн баңгизат менен ок атуучу курал табылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан «баңгизатын сатуучу» мурда соттолгон жаран 1981-жылы туулган Ж.Э. аныкталган. Шектүү жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун Көк бөрү ат оюндары боюнча курама командасынын капитаны.
«Бишкек шаарынын аймагында 7-июль күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-814” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда табылган банкада баңгизат жасоочу аппараттар — ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана «Hony-Bag Basic KIT 5» фирмасынан чыгарылган темирден жасалган тор бар болгон. Жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү тегерек формадагы зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында бул зат 62,32 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты болуп чыкты. Ошондой эле, сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда экспертиза дайындалды,»- деп берилет билдирүүдө.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май районунун тергөө судьясы тарабынан шектүүгө эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.