Көк бөрү боюнча Кыргызстандын 2021-жылкы чемпионаты аяктады
784
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы ат майданда Көк бөрү боюнча Кыргызстандын 2021-жылкы чемпионаты болуп өттү. Салтанаттуу иш чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.
18-октябрдан 24-октябрга чейин өткөн өлкө чемпионатына республикадан 9 команда — Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышты. Мелдешти Улуттук оюндар боюнча Дирекциясы жана Көк Көк бөрү федерациясы биргеликте өткөргөн. Жалпы байге фонду – 2 000 000 сомду түздү.
Финалдык оюнда:
- 1-орун- Чүй облусунун курама командасы – 600 000 сом;
- 2-орун- Ош облусунун курама командасы – 400 000 сом;
- 3-орун- Талас облусунун курама командасы – 300 000 сом;
- 4-орун- Ысык-Көл облусунун курама командасы – 200 000 сом;
5-9-орун: Жалал-Абад облусу, Бишкек, шаары, Нарын облусу, Баткен облусу, Ош шаары – бардыгы 100 000 сомдон байге ыйгарылды.
Чемпионат көк бөрү оюнунун 25 жылдыгына жана бул оюндун негиздөөчүсү Болот Шамшиевдин, федерациянын биринчи президенти Болот Шерниязовдун, генералдык катчысы Темир Дүйшекеевдин жана көк бөрү оюнунун аксакалдары Мамыркожо Бөкөмбаев менен Жетиген Маадановдун жаркын элесине арналды.