7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк-Жарда мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компания кара тизмеге кирди

189

Бишкектин Көк-Жар кичи районунда мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн «Улан Строй Компани» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды.

Текшерүүдө жер казуу иштеринен улам жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуар бузулуп, коопсуздук жана курулуш талаптары сакталбаганы аныкталган. Ошондой эле объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Компаниянын лицензиясы 90 күнгө токтотулуп, кара тизмеге киргизилди. Прораб жана инженердик-техникалык кызматкерлер квалификациялык сертификаттарынан ажыратылды. Департаменттин тиешелүү инспектору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, компанияга бузулган тротуарды толук калыбына келтирүү тапшырылды. Объекттеги оор жүк ташуучу атайын техникаларды пайдаланууга тыюу салынып, учурда бузулган тилке тосулуп, кошумча жарыктандыруу орнотулду.

190