7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Көңүл айтабыз». УКМКнын ардагери Муса Курманбаев көз жумду

1803

2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы полковник Курманбаев Муса Узакбаевич көз жумду. Бул туурадуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, М.У. Курманбаев Улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын 1998-жылы “Калкан” терроризмге каршы уюмунун ыкчам кызматкери болуп баштаган.

1999-жылдан баштап жетекчилик кызматтарда, Нөөмөт кызматынын башчысы, 9- кызматтын бөлүм башчысынын орун басары- «Калкан» атайын багыттагы бөлүм штабынын жетекчиси болуп иштеген. Кызмат учурунда ал өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарган.

Муса Узакбаевич менен катарлаш кызмат өтөгөндөрдүн баары аны өз милдеттерин бийик сезген чыныгы офицер, жоопкерчиликтүү кызматкер катары эстеп калышты. Мекенибиз анын эмгегин бир нече жолу белгиледи — жетишкендиктердин тизмеси көптөгөн сыйлыктар жана сыйлоо жөнүндө жазуулар менен топтолгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1804