Көмүрдүн баасы өткөн жылдын октябрына салыштырмалу 19,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, бир тонна үчүн орточо баа 5 306,7 сомго жогорулаган.
Көмүрдүн бир тоннасына эң жогорку баа Баткен облусунда катталды.
- Ноокат – 9 794,9 сом,
- Баткен – 9 524,4 сом,
- Исфана – 8 642,9 сом.
Ал эми минималдуу чекене баалар төмөндөгү аймактарда сатылууда.
- Чаек айылында бир тоннасы — 3 000 сом,
- Балыкчы шаарында – 4 000 сом.
- Нарын шаарында – 4 200 сомдон сатылууда.
Көмүрдүн баасы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербенде 1 тоннасы 4 076,4 сомго бааланып, 2 эседен ашык өссө, Баткенде 43,5 пайызга, Жалал-Абад шаарларында — тоннасы 1 875,9 сомдон сатылып 39,4 пайызга кымбаттаган.
Статистика комитети маалымат 18 калк жашоочу пункттардан алынганын, чекене бааларга жума сайын мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында белгилүү болгонун жазды.
(бир тонна, сом)
2020-октябрь |
2021жылдын |
2021жылдын |
Четтөө: Өсүү (+), төмөндөө (-) (2021 октябрдын 4 жумасы 2020-октябрына) |
|
Кыргыз Республикасы | 4 434,4 | 5 266,5 | 5 306,7 | 872,3 |
Каракол ш. | 5 312,5 | 6 373,9 | 6 448,8 | 1 136,4 |
Балыкчы ш. | 3 694,6 | 4 000,0 | 4 000,0 | 305,4 |
Кербен ш. | 3 346,6 | 6 998,5 | 7 423,1 | 4 076,4 |
Токтогул ш. | — | 5 947,1 | 5 947,1 | — |
Жалал- Абад ш. | 4 762,2 | 6 638,1 | 6 638,1 | 1 875,9 |
Чаек а., Жумгал району | 2 500,0 | 3 000,0 | 3 000,0 | 500,0 |
Нарын ш. | 3 500,0 | 4 200,0 | 4 200,0 | 700,0 |
Исфана ш. | 7 293,8 | 8 485,3 | 8 642,9 | 1 349,1 |
Баткен ш. | 6 638,1 | 8 937,8 | 9 524,4 | 2 886,3 |
Кара-Суу ш. | 5 500,0 | 7 000,0 | 6 500,0 | 1000,0 |
Ноокат ш. | — | 9 486,8 | 9 794,9 | — |
Өзген ш. | 4 457,2 | 5 738,8 | 6 246,7 | 1 789,5 |
Покровка а., Манас району | — | 5 500,0 | 5 800,0 | — |
Талас ш. | 5 500,0 | 5 718,3 | 5 917,6 | 417,6 |
Кара-Балта ш. | 4 000,0 | 4 500,0 | 4 500,0 | 500,0 |
Токмок ш. | 3 949,7 | 4 500,0 | 4 598,9 | 649,2 |
Бишкек ш. | 4 012,7 | 4 558,5 | 4 558,5 | 545,8 |
Ош ш. | 5 630,2 | 6 763,5 | 6 798,0 | 1 167,8 |