7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Назарбаев мектебинде окуган эркек балдар окууга юбка кийип барышууда

2257

Казакстанда Назарбаев интеллектуалдык мектебинде окуган эркек балдар мектепке юбка кийип барышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай акция социалдык тармактарда да кеңири жайылууда.

Алматыда Наразбаев интеллектуалдык мектебинин 8-классынын окуучусу терезеден секирип, өз жанын кыйган. Балдардын юбки кийүүлөрүнүн бирден-бир себеби ушул. Ата-энелердин айтымында, бала мектепте болуп өткөн балдан кийинки психолог менен болгон сүйлөшүүдөн соң суицидге барган. Ал кечеге мектеп окуучусу юбка кийип чыккан, андан кийин чоңдордун талкуусунда калган. Бирок мектеп ал бала юбка кийбегенин ырастоодо.

Мектеп окуучуларынын айтымында, ал бала чындап эле юбка кийип келген, жана мугалимдер тарабынан кодулоого алынган. Ошол үчүн аны колдоо иретинде эркек балдар баш болуп юбка кийип келишүүдө. Алар “Кийимде жыныс жок” ураанынын алдында сексизмге жана жыныстык стереотипке каршы акция уюштурушууда. Мындай акция бир нече мектепте өтүп жатат. Ал эми мектеп жетекчилер акцияга катышып жаткан окуучулардын ата-энелерине байланышып, баш тартууну талап кылышууда.

Алматы ШИИБ Бостандык райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча сотко чейинки тергөөнүн бирдиктүү реестрине өз жанын кыюу фактысы катталганын билдирди.

«Окуянын себептери жана жагдайлары соттук териштирүүнүн жүрүшүндө аныкталат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти милициядан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2258