УКМК тарабынан «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) өкүл атасы, жеке ишкер Азим Ройго издөө жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” жана “Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү” беренелери менен айып тагылды.
Атайын кызмат Азим Рой Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгени такталганын кошумчалады.
«Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет К.Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Муну менен катар алардын жалпы каржы иштерин биргелешип башкаруунун башка фактылары да аныкталган. Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн кымбат батирди сатып алып, жубайынын атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде Асанбек жашап келген»,- деп берилет маалыматта.
Анын дагы Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Асанбектин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион АКШ долларын түзгөн дача үйгө ээлик кылган. Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да ага таандык болгон.
Учурда ага издөө жарыяланып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жогорудагы адамдын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, УКМКнын төмөнкү номерлерине чалсаңыздар болот: 0312 66-04-75, 0312 62-65-04.