7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды

440

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалып, 4-январга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Аталган 1972-жылкы жаран Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен макулдашып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо аракеттерин жасап жүргөн. Тактап айтканда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн акча каражаттарын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктарды колдонуу менен чыгарып туруу менен алектенген. Андан соң, криптовалюта менен алектенген адамдар менен болгон байланыштары аркылуу, алынган каражаттарды чет өлкөдөн накталай акчага айлантып, “комиссиялык пайыздары” менен алып турган. Муну менен ал узак убакыт бою уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн капиталын КРнын чегинен тышкары чыгарып турган»,- деп берилет маалыматта.

Алынган маалыматтарга ылайык, Б.Ш.С. Бишкек шаарынын аймагында бир катар кыймылсыз мүлк объектилерине ээлик кылат, алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерге мыйзамдуулукту берип туруу үчүн колдонулган. Тактап айтканда, “Saloni”, “Elegance” жана “Imperator” эмерек дүкөнүнүн ээси.

Мындан тышкары, ал төмөнкү даректерде жайгашкан жер участокторуна ээ: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 68, 70, 72, жалпы аянты 1222 кв.м, учурда кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн курулушу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ал бардык кыймылсыз мүлк объекттерин өзүнүн жакын туугандарынын атына, анын ичинде энеси менен уулуна каттаткан. Апасынын наамына элиталык батир менен жер үй катталган. Ошондой эле, уулунун наамына Бишкек шаарынын Ош кесилиши дарегинде жайгашкан кымбат баалуу элиталык үй жана Рысмендеев көчөсүндөгү аянты 930,0 кв.м. болгон үй катталган.

УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыштуу жол менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

441