7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлдүн түбүнөн темир конструкция чыгарылды

433

Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу үчүн көл түбүндөгү коркунучтуу темир конструкция чыгарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул кооптуу объект — мурунку пирстин чатыры болуп, ал 2 жыл мурун катуу шамалдын кесепетинен суу астына түшүп кеткен.

Көл түбүндөгү темир конструкцияны кесипкөй суучул Кубанычбек уулу Бекжан видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган. Аталган маалымат коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Жарандык жоопкерчилик көрсөткөн Бекжандын кайрылуусу Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көңүл борборуна алынып, 4-август күнү коопсуздукту камсыздоо максатында өзгөчө чара көрүлдү.

434