Бүгүн 13-сентябрда Ысык-Көл облустук милициясы алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын башында Ак-Суу айылынын 28 жаштагы Б.У. аттуу тургуну Каракол ШИИБине контейнер алып келүүнү убадалап 210 миң сомун алып, изин суутуп кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 34 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалды. Учурда дагы 10 факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу башка кылмыштарга бул адамдын тиешеси болушу мүмкүн экендиги аныкталууда.