7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көмүр кенин басып алган прокурор Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгарылды

322

Көмүр кенин басып алуу фактысы менен кармалган прокурор Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Улукбек Өмүрзаков «Жолчырак» көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурган деген шек менен 2020-жылдын ноябрь айында кармалган.


Тергөөнүн жүрүшүндө У.Өмүрзаков жана башка адамдардын катыштыгы бар экендиги аныкталып,Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан алдын ала чара көрүү максатында УКМКнын тергөө абагына камалган.


Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган адамдардын «Жолчырак» ЖЧК кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденди.


Кечээ, 30-январда Улукбек Өмурзаковдун баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштерине көмөктөшүүгө жана мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдук зыяндын ордун толтурууга сот процесси аяктаганга чейин үй камагына чыгарылды.
Мындан тышкары, У.Өмүрзаков өз каалоосу менен Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынан кетүү жөнүндө арызын жазды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

323