Жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарынын тургундары үчүн жалпы 240,2 миң тонна көмүр даярдоо пландалган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Көмүр даярдоо иштери 2025-жылдын июль айынан башталып, жыл аягына чейин улантылат.
Учурда 159,43 миң тонна көмүр даярдалып, план 66,3%га аткарылган.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында калкка көмүр сатуу үчүн 10 отун базасы жана бир катар стационардык сатуу пункттары иштеп жатат.
Отун базалары:
Ленин району:
- Мурман көч., 126;
- Мурман көч., 45/2. “Кара Тоо” ЖЧКсы;
- Мурман көч., 122, 122а. “Береке” ЖЧКсы;
- Мурман көч., 1б. “Беш-Сары” ЖЧКсы;
- Алыкулов көч., 3;
- Ден Сяопин пр., 308/4. “Болотбеков” ЖИ;
- Б.Алыкулов көч., 6б. “АбиевНурлан” ЖИ;
- Б.Алыкулов көч., 1д/1.
Октябрь району:
- Аламүдүн станциясындагы «Төкөлдөш» конушу, «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы.
Свердлов району:
- Достоевский көч., 1. «Гефест» ЖИ.
Көмүр сатуучу стационардык пунктар:
Свердлов району:
- «Лебединовка» МАБ, Жеңиш проспекти, №23;
- Жеңиш проспекти, №289;
- «Биримдик-Кут» конушу, 26-контур;
- «Ак-Жар» конушу, борбордук көчө;
- «Аламүдүн» МАБ, Алмата көчөсү, №262;
- «Төмөнкү Ала-Арча» МАБ, Кыргыз көчөсү, 1/а;
- Кыргыз көчөсү №8, 10, 12, 20, 24;
Октябрь району:
- Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
- Көк-Жар айылы, 20-квартал, 7-Апрель көч., №32, Мадиева көч., 38;
- «Көк-Жар» конушу, Полевая көч., 1/7;
- «Кара-Жыгач» конушу, Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши;
- «Төкөлдөш» конушу, Сары-Өзөн көч., 98а;
- «Рухий Мурас» конушу, Анкара жана Биринчи көчөлөрүнүн кесилиши.
Биринчи май району:
- Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, №50;
- Озерное айылы, Школьная жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Щербаков көчөсү, №121;
- «Алтын-Бешик» конушу, Мыскал жана Мидин көчөлөрүнүн кесилиши;
- Кызыл-Кыя көчөсү, №172;
- «Калыс-Ордо» конушу, айланма жол №207 МАБ;
- «Калыс-Ордо» конушу айланма жол;
- Жаш Гвардия, №177.



